• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан Сауд Аравия менен ар тараптуу байланышты чыңдоого кызыкдар

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.05.22./Кабар/. Бүгүн, 23-майда Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов Сауд Аравия Королдугунун Аш-Шура Мажлисинин Эл аралык комитетинин төрагасы, генерал-майор Али Бин Мухаммад Аль-Асири менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирет.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттик кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу да сөз болду.

Төрага Талант Мамытов Кыргызстан Сауд Аравия менен ар тараптуу байланышты чыңдоого кызыкдар экендигин белгилеп: “Быйыл эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилейбиз. Бул жылдар аралыгында мамлекеттер аралык эки тараптуу кызматташтык жигердүү уланып, көп тараптуу аянтчаларда да өнөктөштүк ырааттуу өнүгүп келет. Андыктан калыптанган достук, бир туугандык мамилени мындан ары арттыруу башкы максатыбыз болушу шарт. Бул үчүн соода, инвестиция жана туризм багыттары артыкчылыкка ээ”, – деди.

Муну менен катар Өкмөттөр аралык комиссиянын отурумдарын уюштуруу зарылчылыгына токтолгон Талант Мамытов, Ишкерлер кеңешинин ишин өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү, Кыргыз-Сауд инвестициялык фондун түзүү, жарандар үчүн түз аба каттамын ачуу, Сауд Аравиясына туристтик виза алуу укугуна ээ мамлекеттердин катарына Кыргызстанды кошуу маселелерин көтөрдү.

“Айтылган демилгелердин ишке ашуусу үчүн Жогорку Кеңеш мыйзамдык жактан колдоого ар дайым даяр”, – деген Төрага көтөрүлгөн маселелер эки мамлекеттин байланышын чыңдоого зор өбөлгө түзөөрүн кошумчалады.

Парламенттик мамилелерди өнүктүрүү боюнча да сөз кылган Талант Мамытов: “Парламенттик дипломатия бекем байланышты калыптандыруунун уникалдуу ыкмасы болуп эсептелет. Ага ылайык, депутаттык достук топторунун жана тармактык комитеттердин ортосунда жигердүү алаканы өнүктүрүү жана иш сапарларды уюштуруу учур талабы”, – деди.

Өз кезегинде Аш-Шура Мажлисинин Эл аралык комитетинин төрагасы, генерал-майор Али Бин Мухаммад Аль-Асири жылуу кабыл алгандыгы үчүн төрага Талант Мамытовго ыраазычылык билдирип, Сауд Аравия Королдугу Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан менен болгон кызматташтыкка өзгөчө маани берерин белгиледи.

Андан тышкары, жолугушууда айтылган бардык маселелерди иш сапардан кайтканда тиешелүү жетекчилерге жеткирерин убада кылган Али Бин Мухаммад Аль-Асири: “Кыргызстанга келгенден бери бул өлкөнүн туризм, өнөр-жай жана айыл чарба тармактарындагы кызматташтык үчүн мүмкүнчүлүктөрү арбын экенине күбө болдук. Андыктан мамлекеттер аралык белгиленген келишимдерди ишке ашыруу менен керектүү шарттарды түзүү келечегибиз үчүн өтө маанилүү”, – деди.

Эскерте кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Түмөнбаев, Өмүрбек Бакиров, Жалолидин Нурбаев, Чыңгыз Айдарбеков жана Жусупбек Коргонбай уулу катышты.

Пикир

Оставить комментарий