• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев Венгрия парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.02.24./Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Венгриянын (Мажарстан) парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Алгач төрага Нурланбек Шакиев Мажарстандын Улуттук Ассамблеясынын төрагасы, азыркы тапта президенттин милдетин аткарып жаткан Ласло Кёвердин коштоосунда жыйындар өтчү залдарды көрүп чыгып, мыйзам чыгаруу процессинин жүрүшү боюнча маалымат алды.

Андан соң төрага Ардактуу коноктор китебине каалоо-тилегин жазып калтырды.

Эскерте кетсек, Мажарстандын парламенти жайгашкан имарат 1885-1904-жылдар аралыгында курулуп, архитектурасынын өзгөчөлүгү менен көпчүлүктүн көңүлүн буруп келет.

Алсак, төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Мажарстан мамлекетинде расмий иш сапары менен жүрөт. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Нурбек Сыдыгалиев, Винера Раимбачаева, Чолпон Султанбекова, Жусупбек Коргонбай уулу, Гүлшаркан Култаева, Азамат Исираилов жана Максатбек Сарбагышев бар.

Пикир

Оставить комментарий