• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан жана Германия ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Берлинде 29-мартта Кыргызстан менен Германиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Анналена Бербоктун ортосунда сүйлөшүүлөр өттү.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Германия Кыргызстандын Европа биримдигиндеги өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүнө зор салым кошкон артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн бири экендиги белгиленди.

Эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары чыңдоого жана активдештирүүгө тараптардын өз ара даярдыгы ырасталды. Бийик жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун, ошондой эле кыргыз-герман мамилелерин жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн тиешелүү эки тараптуу жана көп тараптуу документтерге кол коюунун маанилүүлүгү баса белгиленди.

Афганистандагы жана Украинадагы кырдаалдын, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын Борбордук Азияга тийгизген таасиринин контекстинде германиялык тарапка Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча федералдык министрлиги аркылуу мурда көп тараптуу форматка өткөрүлгөн Кыргызстандагы эки тараптуу каржылык-техникалык долбоорлорду ишке ашырууну федералдык макулдашуу аркылуу калыбына келтирүү маселесин кароо өтүнүчү узатылды.

Аны менен бирге Германия Кыргызстанга жардам көрсөтүү боюнча долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Президент Садыр Жапаров тарабынан “жашыл экономикага” өтүү жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча, анын ичинде Германиянын Тышкы иштер министрлигинин эки өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берген “Жашыл Борбордук Азия” программасынын алкагында жарыяланган демилгелерди жана тапшырмаларды ишке ашырууда практикалык кызматташуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Германия тараптын Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, коррупцияны жоюуга, демократиялык институттарды чыңдоого багытталган реформаларга эксперттик жана консультациялык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгү каралды.

Украинадагы кырдаал өзүнчө, анын ичинде “Энергетикалык өтүү жөнүндө Берлин диалогу” конференциясында каралып жаткан энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо маселелери каралды.

Украинадагы кырдаалды кароодо Кыргызстан БУУнун уставында жана башка документтерде бекитилген жалпы таанылган эл аралык укук нормаларын жана принциптерин сактоону, анын ичинде мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен жөнгө салууну жактай тургандыгы баса белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий