• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан жана Венгрия эки жаңы документке кол коюу менен мамилелерин бекемдешти

Саясат 0

Чолпон-Ата, 04.09.18. /Кабар/. Чолпон-Атада Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын жолугушуусу өттү.

Эки тараптуу диалогдун жүрүшүндө тараптар өнөктөштүк мамилелерди кеңейтүү, саясий диалогду өнүктүрүү жана эки өлкө ортосундагы парламент аралык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Бүгүн, 4-сентябрда өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президент жана премьер-министр биргелешкен билдирүүгө жана туризм тармагындагы өз ара түшүнүү тууралуу меморандумга кол коюшту. Ошондой эле алар учурда өткөрүлгөн диалогдун жыйынтыктары боюнча маалымат жыйынында сүйлөшүүдө.

Маалымдама: Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылы 16-апрелде орнотулган. Акыркы жылдары Венгриянын өкмөтү Россия, Кытай жана Борбордук Азиядагы мамлекеттер менен өз ара мамилелерди бекемдөөгө багытталган “Чыгышка ачыктык саясатын” жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий