• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ДКО-2018: Медалдардын саны боюнча Казакстан биринчи орунда турат

ДКО 2018 0

Бишкек, 04.09.18. /Кабар/. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медалдын саны боюнча Казакстандын курамасы биринчи орунда. Бул тууралуу мелдештердин расмий сайтында маалымдалат.

Казакстандыктардын байге куржунунда 19 медаль бар, жети алтын, жети күмүш жана беш коло. Кыргызстандыктар 18 медаль утушту, 5 – алтын, 5 – күмүш, 8 – коло. 3-орунда Түркмөнстан турат – 12 медаль (5-2-5).

Кийинки орундарда Россия жана Өзбекстан турат.

Эске сала кетсек, үчүнчү көчмөндөр оюндары 2-сентябрда башталды, 8-сентябрда аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий