• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан жана Өзбекстан 1170,53 км чек ара жөнүндө келишимин даярдашты

Саясат 0

БИШКЕК, 17.08.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Бүгүнкү күндө 1 миң 170,53 км аралыктагы мамлекеттик чек аранын долбоору даяр. Тараптар аны Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге киргизүүнү макулдашкан. Бул тууралуу кечээ, 16-августта, Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Жээнбеков кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында делимитациялоо жана демаркациялоо процесстеринин оң динамикасын белгиледи.

“2016-жылдын августунан тарта 15 жолугушуу өткөрүлгөн. Бүгүнкү күндө 1 миң 170,53 км мамлекеттик чек ара боюнча долбоор даяр. Келишимди түзүү кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерине мындан ары дем берерине ишенем. Биздин сүйлөшүүлөр жаңы деңгээлге чыгат”, - деди Кыргызстандын премьери.

Белгилей кетсек, кечээ Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы эки жактуу кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын 8-жыйыны өттү.

Пикир

Оставить комментарий