• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 1-июлга карата 58 миңден ашуун баш уй уруктандырылган

Коом 0

Бишкек, 18.08.23. /Кабар/. Кыргызстанда 1-июлга карата 58 миң 37 баш уй уруктандырылган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 264 жасалма уруктандыруу пунктары өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

“2022-жылдын ушул мезгилинде 57 миң 340 баш уй уруктандырылган, бул быйылкы жылга салыштырмалуу 697 башка аз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий