• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 10 айда дээрлик 144 миң баш мал экспорттолгон

Экономика 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. Кыргызстанда 10 айда 143 миң 666 баш мал экспорттолгон. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, экспорттолгон мал-жандыктардын 42 миң 745 башы бодо мал, 96 миң 710 башы кой-эчки, 4 миң 211 башы жылкы болгон.

Ошондой эле өлкөгө 10 айда 25 миң 693 баш мал импорттолгон. Анын ичинен 19 миң 469 башы бодо мал, 940 башы кой-эчки, 5 миң 284 башы жылкы болгон.

Пикир

Оставить комментарий