• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда 162 медицина кызматкери коронавирус жуктурса, анын 45и айыгып чыкты – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата 45 медицина кызматкери коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө медицина кызматкерлери коронавирус жуктурган учурлардын саны 162ни түзөт. Алардын ичинен дарыгерлер – 48, орто медициналык кызматкерлер – 67, кенже медициналык кызматкерлер – 26 жана 21и – медициналык мекемелерде иштеген IT адистер, айдоочу жана башка кызматкерлер.

Ал белгилегендей, азыркы тапта 45 медицина кызматкери коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды.

"Алардын ичинен 16 дарыгер, 18 орто медициналык персонал, 8 кенже медициналык кызматкерлер жана башка адистикте иштегендер – 3 адам", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 23-апрелге карата коронавирус жуктурган 19 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 631ге жетет. Алардын ичинен 302 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий