• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 18,4 миңден ашык адам эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада 1 миң 819 адам вакцина алса, алардын ичинен 71ине вакцинанын 2-дозасы сайылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагында жалпы 18 миң 474 адам эмдөөдөн өттү, алардын ичинен 460 адам 2-дозаны алган.

Аймактар боюнча алганда:

- Бишкекте – 2 406 адам вакцина алды;
- Ош шаарында – 1 827;
- Чүй облусунда – 2 274;
- Ош облусунда – 4 684;
- Ысык-Көл облусунда – 1 533;
- Талас облусунда – 747;
- Нарын облусунда 788;
- Жалал-Абад облусунда – 3 142;
- Баткен облусунда – 1 073.

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы алынып келинген.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

Пикир

Оставить комментарий