• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 2019-жылдын жыйынтыгы менен "Эң мыкты айыл өкмөтү" сынагы өткөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинен (ЖӨБЭММА) 2019-жылдын жыйынтыгы менен "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынактын өткөрүлүшү тууралуу айтып беришти.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аркаттерине дем берүү жана алдынкы тажрыйбасын жайылтуу максатында, ошондой эле учурдагы оор шартка карбастан баардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өтө чоң жүктү өзүлөрүнө алып, чоң ийгиликтерди жараткандыгын эске алып, КР Өкмөтүнүн Токтомуна ылайык жүргүзүлүүчү “Эң мыкты айыл өкмөтү” аталышындагы жалпы мамлекеттик сынакты өткөрүү сунушу ЖӨБЭММА тарабынан каралган.

Аталган жалпы мамлекеттик сынактын өткөрүлүшү КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелинде №181 Токтому менен бекитилген Жобонун негизинде жүргүзүлөт. Айыл өкмөттөргө сынакка катышууга бирдей шарт түзүү максатында 2017-жылы КР Өкмөтүнүн Токтому менен сынакка катышуучу айыл өкмөттөрүн эки топко бөлүү боюнча аталган Жобого өзгөртүүлөр киргизилип, 1-топко - жетүүгө кыйын, тоолуу жана чек арада жайгашкан айыл өкмөттөрү, 2-топко - биринчи топ менен салыштырганда шарттары жакшы айыл өкмөттөрү каралган.

Ведомстводон белгилешкендей, "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынактык комиссиясынын биринчи отуруму 2020-жылдын 18-августунда болуп өттү.

“Жыйында КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн келип түшкөн 12 айыл өкмөттөр боюнча сунуштар каралып, жер-жеринде чыгып кароо маселеси пландаштырылды”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий