• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда жыл ичинде КТБларда 1,6 млн мамлекеттик кызмат көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда жалпысынан жаңы форматтагы 36 калкты тейлөө борборлору иштеп жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева билдирди.

Министр белгилегендей, анын ичинен экөө быйыл Чүй облусунун Кемин шаарында жана Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жаңы ачылды.

"Жалпысынан калкты тейлөө борборлору аркылуу калкка жыл ичинде 1,6 млн мамлекеттик кызматтар көрсөтүлдү. Жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча 230 миңге жакын, паспорттоштуруу боюнча 1 миллиондон ашык кызмат көрсөтүлүп, 2,3 млн кеп-кеңеш жана 420 миңден ашык маалым кат берилген", - деди Кутнаева.

Ал белгилегендей, КТБларда кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында төмөндөгүдөй бир катар пилоттук долбоорлор жүргүзүлдү:

- фронт-офис жана бэк-офис документтерди кабыл алуу боюнча кызматкерлердин санын көбөйтүүгө мүмкүндүк берилди жана арыз ээсин чиновник менен байланышын жокко чыгарды;

- Бишкекте эки КТБнын иш графиги узартылды. Анда кызматкерлер эртең мененки саат 08:00дөн кечки саат 20:00гө чейин иштеп жатышат;

- Бишкектеги №1 КТБда тесттик долбоор ишке киргизилди, анда жаран адиске түздөн-түз кайрылууга мүмкүнчүлүк алды.

Пикир

Оставить комментарий