• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 2020-жылы 1,6 млн адам кедейчиликте жашаган

Экономика 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. 2020-жылы кедейчиликтин чегинде 1 млн 678 миң адам жашаган, алардын 73,7 пайызы калк отурукташкан айыл пункттарынын тургундары болуп саналган.

Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2020-жылы кедейчиликтин жалпы чегинин нарктык көлөмү бир жылдын ичинде калктын киши башына 35 миң 268 сомду, эң төмөнкүсү – 19 миң 774 сомду түздү.

Нет описания.

2020-жылы кедейчиликтин деңгээли Ош ш. (6 пайыздык пунктка) жана Талас (0,8 пайыздык пунктка) облусунда мурунку жылга салыштырганда анын төмөндөгөнү белгиленди. Калган региондордо кедейчиликтин деңгээли өскөн, анын ичинде Жалал-Абад облусунда (10,3 пайыздык пунктка), Нарын (8,7 пайыздык пунктка), Чүй (6,3 пайыздык пунктка), Ош (4,8 пайыздык пунктка), Ысык-Көл (3,5 пайыздык пунктка) жана Баткен (2,1 пайыздык пунктка) облустарында, ошондой эле Бишкек (4,9 пайыздык пунктка) шаарында.

Нет описания.

Кедейлердин жалпы санынын 58 пайыздан көбү Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарында жашашкан.

2020-жылы 0-17 жаш курагындагы 833,9 миң бала же ушул курактагы балдардын 31,8 пайызы кедейчилик шартында жашаган.

Пикир

Оставить комментарий