• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Суугат сууну көзөмөлгө алуу үчүн атайын лимиттер орнотулган

Коом 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Суугат сууну көзөмөлгө алуу үчүн атайын лимиттер орнотулган. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Мамлекеттик суу ресурстар агенттигинин башчысынын орун басары Абдыбай Жайлообаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, сугат суу маселелерин алдын алуу максатында, үстубүздөгү жылдын июнь айларынын башында Мамлекеттик суу ресурстар агенттигинин өздүк штабы жана Чүй облусунун губернатору тарабынан атайын облустук штаб түзүлгөн.

"Бүгүнкү күндө облустук штабда райондук администрациянын башчылары, Суу чарба мекемелеринин жетекчилери жана райондук Ички иштер башкармалыгынын башчылары иш алып барууда. Себеби жергиликтүү дыйкандар өз билемдикке салып, сугат сууну буруп кетишүүдө. Биз атайын суугат сууну көзөмөлгө алуу үчүн эгин аянттарын тактап, атайын лимиттерди орноттук. Штаб мына ушул лимиттердин аткарылышын көзөмөлгө алууда”,- дейт Жайлообаев.

Ал кошумчалагандай, Чоң Чүй каналынын батыш тарабына атайын скважиналар орнотулганы менен алар учурда иштебей турат.

"Айрымдары айыл өкмөттөрдүн балансында болсо, кээ бири кимде экени да белгисиз. Бул скважиналардын ишин калыбына келтирүү негизги маселе, бирок бул маселени биздин агенттик өз алдынча чече албайт. Себеби, биздин баланска кирген эмес”, - деди ал.

Мамлекеттик суу ресурстар агенттигинин башчысынын орун басары кошумчалагандай, сугат тутумдарын оңдоо үчүн былтыр 296 миллион сом каралган, быйыл бул сумма 163 миллионго чейин кыскарды.

"Негизи сугат тутумдары нормалдуу иштөө үчүн 5 миллиард сом керектелет. Бирок бюджет аны көтөрө албайт. Акырындык менен система деградацияга учурап жатат", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий