• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 2024-жылдын башынан бери өнөр жай продукциясынын көлөмү 74,4 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2024-жылдын январь-февралында 74,4 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын маалыматына караганда, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,8 пайызга өстү.

Оң көрсөткүч жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердиктин (1,6 эсеге), резина жана пластмасса буюмдардын, курулуш материалдардын (30,3 пайызга), химиялык продукциялардын (27,7 пайызга), фармацевтикалык продукциялардын (16,8 пайызга), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамекинин (16,3 пайызга), ошондой эле негизги металлдардын (11,1 пайызга) өндүрүү көлөмүнүн көбөйүшүнүн эсебинен шартталган.

"Оң тенденциялар курулушта байкалган, мында көлөмдүн өсүшү 39,5 пайызды, дүң жана чекене соода 22,9 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы 1,4 пайызды түзгөн", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий