• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузакта Көк-Арт дарыясынан өткөн көпүрөнүн курулушу аяктап, колдонууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Жалал-Абаддагы Көк-Арт дарыясынан өткөн көпүрөнүн курулушу аяктап, колдонууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган көпүрө Сузак районундагы Жалал-Абад - Благовещенко унаа жолунун 1-чакырымында жайгашкан.

Бүгүн анын ачылышына президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Белгилей кетсек, 2022-жылы катуу жүргөн селдин кесепетинен жараксыз абалга келген көпүрөнүн ордуна былтыр жаңысын салуу үчүн республикалык бюджеттен атайын каражат бөлүнгөн. Анын узундугу 72, туурасы 10,5 метрди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий