• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 2024-жылы бир нече ири эл аралык спорттук иш-чаралар өтөт

Өкмөт 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. 2024-жылы Бишкек шаарында бир катар ири эл аралык спорттук иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу аталган спорттук иш-чараларды даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин отурумунда КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Тактап айтканда, Бишкек шаарында төмөнкүдөй эл аралык иш-чаралар өткөрүлөт:

- 2024-жылдын 21-февралынан 26-февралына чейин 19 жашка чейинки өспүрүмдөр жана кенже балдар арасында бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугу;
- 2024-жылдын 26-февралынан 3-мартына чейин бильярд боюнча эркектер жана аялдар арасында дүйнө чемпионаты;
- 2024-жылдын 10-мартынан 16-мартына чейин «А» тайпасынын үчүнчү дивизионунда хоккей боюнча дүйнө чемпионаты;
- 2024-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин аялдар командалары арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты;
- 2024-жылдын 25-мартынан 30-мартына чейин угуусу начар адамдар арасында таэквондо боюнча дүйнөлүк чемпионат;
- 2024-жылдын 11-апрелинен 16-апрелине чейин грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты;
- 2024-жылдын 19-апрелинен 21-апрелине чейин грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Парижде өтүүчү XXXIII Олимпиада оюндарына Азия квалификациялык (лицензиялык) турнири.

Эдил Байсалов белгилегендей, бул спорттук иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүү үчүн профилдик мамлекеттик органдар тиешелүү иш-чараларды өз убагында жана толук ишке ашыруусу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий