• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 220 миңден ашык бөбөк бала бакчага барат

Билим 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда жалпы 220 миң 12 бөбөк бала бакчага барат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ведомство Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянып өткөн жылга салыштырмалуу бала бакчалардын саны 122 объектиге көбөйүп, натыйжада балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине тартуу 2,5%га жогорулаганын билдирет.

Ошондой эле "Өкмөттүк акселератор" программасын ишке ашыруунун натыйжасында быйыл 900 баланы тейлеген үй тибиндеги 36 бала бакча ачылган.

Министрлик быйылкы жылдан баштап бала бакчаны ачуу үчүн маалымдоо системасы киргизигенин жана ишмердүүлүктү лицензиялоо талап кылынбай турганын белгилейт.

Учурда кыска мөөнөттүү бала бакчаларды ачуу үчүн 290 объектиде оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Жалпысынан Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен 2023-2025-жылдары 560 кыска мөөнөттүү бала бакчаларды ачуу пландалууда, анда 40 миңден ашык бала тарбияланып, 5 миң мугалим эмгектенет.

Эскерте кетсек, балдарды мектепке чейинки билим берүү менен толук камсыз кылуу үчүн ар бири 280 орундуу 2 миң 746 бала бакча куруу керек.

Пикир

Оставить комментарий