• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда жыл башынан бери лицензиясыз ишмердүүлүк жүргүзгөн 165 медициналык мекеме аныкталды

Коом 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери 567 жеке медициналык мекеме текшерилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева билдирди.

Арыкбаеванын айтымында, анын ичинен 165 медициналык мекеме ишмердүүлүгүн лицензиясыз жүргузүп келгени аныкталды.

"Текшерүү министрликтин атайын түзүлгөн жумушчу тобу тарабынан жургүзүлдү. Ошентип, "Укук бузуулар жөнүндө" КР кодексине ылайык, 251 протокол түзүлүп, 1 млн 449 миң сомго айып салынды", - деди ал.

Министрдин орун басары буга чейин өлкөдө ишкердик субъекттерин текшерүүгө мораторий киргизилгендигин баса белгиледи. "Буга байланыштуу жөнөкөй эле гигиеналык эрежелерди сактабаган жана лицензиясы жок иштеген көптөгөн медициналык мекемелер ачылган", - деди Арыкбаева.

Белгилей кетсек, медициналык мекемелерди текшерүү боюнча жумушчу топ өз ишин Бишкек, Ош шаарлары, Чүй жана Ош облустарында жүргүзгөн. Бүгүнкү күндө министрлик бардык аймактарда ушундай текшерүүлөрдү өткөрүүнү пландап жатат.

Пикир

Оставить комментарий