• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда 4-марттан баштап дары-дармектерди көзөмөлдөө системасы ишке киргизилет

Ден соолук 0

Бишкек, 03.03.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда 4-марттан баштап дары-дармектерди көзөмөлдөө системасы ишке киргизилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин директору Айнура Абалиева билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө дары-дармек каражаттарынын коопсуздугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуучу үчүн көзөмөлдөө системасын ишке киргизди.

“2023-жылдын 9-февралында министрлер кабинети өлкөдө дары каражаттарын көзөмөлдөө системасын киргизүү жөнүндө токтомго кол койду. Бул система Кыргызстанда дары-дармектердин коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуунун маанилүү куралы болуп калат. Дары-дармекти көзөмөлдөө системасы дары-дармекти өндүрүүдөн баштап жайылтууга чейинки жашоо циклинин бардык этаптарында орнотулат. Ал дарылардын сапатын көзөмөлдөөнү жакшыртууга, ошондой эле бейтаптардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого жардам берет”, - дейт ал.

Абалиева белгилегендей, система жасалма дары-дармектерди сатуунун алдын алууга мүмкүндүк берип, ар бир дары-дармектин келип чыгышы жана тарыхы тууралуу маалыматты тез алууга шарт түзөт.

“Дары-дармектерди көзөмөлдөө системасы Кыргызстандагы бардык дары-дармектерди өндүрүүчүлөр жана жеткирүүчүлөр үчүн милдеттүү болот. Системанын иштешине мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдөө Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментине жүктөлөт. Система Түркиянын көзөмөлдөө системасынын негизинде иштелип чыккан. Дүйнөлүк банктын 2012-жылдагы макаласында Түркия дүйнөдөгү фармацевтикалык камсыздоо чынжырында толук көзөмөлдү ийгиликтүү ишке ашырган биринчи өлкө болду. Кошумчалай кетсек, көп тармактуу продукцияны номерлөө системасын иштеткен алдыңкы эл аралык GS1 уюму Түркияда жасалган дары-дармектерди көзөмөлдөө системасы дүйнөдөгү эң ийгиликтүү система экенин билдирди”, - деди Абалиева.

Пикир

Оставить комментарий