• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кулубаев Женевада БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин Жогорку деңгээлдеги сегментине катышты

Саясат 0

Бишкек, 03.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңешинин 52-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги сегментине катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кулубаев өз сөзүндө Кыргызстан Адам укуктары боюнча кеңештин эки жолу мүчөсү болгонун жана өзүнүн мурунку тажрыйбасына таянып, БУУнун бул маанилүү органынын ишине, атап айтканда: мыйзам үстөмдүгүн жана демократияны коргоо, аялдардын жана балдардын, эмгек мигранттарынын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын илгерилетүү, ошондой эле дискриминацияга, ксенофобияга жана сабырсыздыкка каршы күрөштү илгерилетүү үчүн диалог куруу багыттарында мындан ары да өзүнүн реалдуу салымын кошууга умтула турганын белгиледи.

Министр иш-чаранын катышуучуларына кайрылып, Кыргыз Республикасынын адам укуктары жаатындагы жетишкендиктерин, анын ичинде улуттук мыйзамдарды инвентаризациялоо, кылмыш-жаза мыйзамдарын гумандаштыруу, үй-бүлөнү жана балдарды коргоо, гендердик теңчилик, коррупцияга каршы күрөшүү, жаза системасын модернизациялоо сыяктуу артыкчылыктуу багыттар боюнча орто мөөнөттүү программаларды ишке ашыруу жөнүндө маалымдады.

ТИМдин башчысы Кыргызстан күчтүү демократиялык башкаруу формасын курууну, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөнү, улуттук мыйзамдарды аракеттеги эл аралык укук нормаларына шайкеш келтирүүнү, сот жана укук коргоо системасын реформалоону, шайлоо системасын жакшыртууну улантып жатканын баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ведомствосунун башчысы COVID-19 пандемиясынын глобалдык экономикага тийгизген оор таасиринен кийин өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тышкы карызы эң курч маселелердин бирине айлангандыгын белгилеп, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тышкы карыздары көбөйүп, аларды тышкы карыз алуу аркылуу өнүгүүгө жетишүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, ошону менен адам укуктарынын ар тараптуу өнүгүшүнө тоскоолдук кылат деген пикирин билдирди.

Ушуга байланыштуу министр Кулубаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү өлкөнүн тышкы карызын айлана-чөйрөнү коргоо долбоорлоруна алмаштыруу боюнча иш-аракеттерди күчөтүүгө чакырганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий