• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир жылдан кийин маркировкасы жок дарыларды ташып келүүгө тыюу салынат

Ден соолук 0

Бишкек, 03.03.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда 2024-жылдын март айынан тарта маркировкасы жок дарыларды ташып келүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин директору Айнура Абалиева билдирди.

Анын айтымында, эртең, 4-марттан баштап дары-дармек каражаттарынын коопсуздугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуучу көзөмөлдөө системасы ишке кирет.

“Система үч этап менен киргизилүүдө: ушул март айында маркировкасы жок айрым дарылардын ташып келүүсүнө тыюу салынат, үч айдан кийин дагы дарылардын саны көбөйүп, ноябрь айында 60-70 пайыз маркировкасы жок дарылардын ташып келүүсүнө тыюу салынат. Ал эми 2024-жылдын март айынан тарта толук тыюу киргизилет”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий