• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда 5 айда республика боюнча 60,3 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Экономика 0

Бишкек, 05.06.23. /Кабар/. Кыргызстанда 2023-жылдын 5 айында республика боюнча 60,3 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолдорду асфальттоо республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

"Былтыр, 2022-жылы бул көрсөткүч май айына карата 29,3 чакырымды түзгөн. Быйыл салыштырмалуу асфальт төшөө иштери эки эсеге көп аткарылды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий