• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда 80 адамдан коронавирус жаңы табылса, эки бейтап кайтыш болду

COVID - 19 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда 6-октябрга карата коронавирус дагы 80 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 40, Чүй облусунда – 22, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда бир адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 090 адам илдеттен сакайып чыгып, эки бейтап кайтыш болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 446 бейтап, амбулатордук түрдө 676 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 932 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 712 киши айыгып чыкса, 2 миң 612 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий