• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 9-декабрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. Кыргызгидромет өлкө аймагында 9-декабрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаашы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй менен Талас облустарында +1...+6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +6...+11, Ысык-Көл облусунда 0...+5, Нарын облусунда 0...-5 градус төмөндөйт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +3...+5 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий