• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда "Айыл чарбасын каржылоо - 11" долбоору бекитилди (байланыш номерлери)

Экономика 0

Бишкек, 14.03.23. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин буйругу менен "Айыл чарбасын каржылоо-11" долбоору бекитилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор 2023-жылы айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүүдө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатын көздөйт.

"Буга байланыштуу Финансы министрлиги менен “Айыл Банк” жана “РСК Банк” ачык акционердик коомдорунун ортосунда “Айыл чарбасын каржылоо - 11” долбоорун ишке ашырууга катышуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик бардык суроолор боюнча төмөнкү байланыш номерлерине кайрылууну эскертет:

- "РСК Банк" ААК - Бишкек ш. Московская көч. 80/1 тел.: (312) 35-55-55, Email: info@rsk.kg;

- "Айыл Банк" ААК - Бишкек ш., Логвиненко көч. 14, тел.: (312) 68-00-00, (556) 68-00-00, (707) 68-00-00.

Пикир

Оставить комментарий