• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы суткада 10 миң 316 адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 миң 316 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 190 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 126 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 809 миң 163 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 603 миң 595 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий