• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы суткада 10 миң 836 адам коронавируска каршы вакцина алды

COVID - 19 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 миң 836 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 117 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 719 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 61 миң 133 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 842 миң 471 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий