• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы суткада 22 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 18.10.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада 22 өрт кырсыгы катталды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Ош шаарында 2, Баткен облусунда 1, Чүй облусунда 9, Талас облусунда 2, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 23 бөлү тартылган.

Алсак Бишкекте Бейшеналиев көчөлөсүндөгү “Тунук” соода борборунун жер төлөөсүндө жайгашкан полуфабрикат даярдоочу цехте фритюр күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.

Токмок шаарындагы 1-кичи районунда “Айлин” дүкөнүнүн 3 чарчы метр кампасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Ата районунун Красная речка айылын Панфилов көчөсүндө жыгач устундуу калай менен жабылган аянты 90 чарчы метр бастырма толугу менен 450 түк чөп күйгөн.Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий