• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда балдарды COVID-19га каршы эмдөө пландалууда – министрдин милдетин аткаруучу

COVID - 19 0

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. Кыргызстанда балдарды COVID-19га каршы эмдөө пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда өлкөдө коронавирус менен ооругандар жок, бирок бул биротоло жок болду дегендик эмес.

“Коронавирустук инфекциянын таасиринен улам балдардын кээ бир оорулары өзгөрүүдө жана биз балдардын белгилүү бир тобун COVID-19га каршы эмдөөнү баштоону пландап жатабыз. Ошондой эле улгайган адамдарды, социалдык кызматкерлерди, дарыгерлерди, мугалимдерди жана аскер кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүү артыкчылыктуу”, - деп кошумчалады ал.

Чиновник белгилегендей, вирус мутацияланып жатат, башка патогендик формалар аныкталууда жана өлкө буга даяр болушу керек.

Бүгүн комитетте министрлер кабинети тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (“Азия-Тынч океан аймагындагы вакциналарга жеткиликтүүлүк механизминин алкагында COVID-19га каршы эмдөөнү колдоо”) жана 2021-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (“Азия-Тынч океан аймагындагы вакциналарга жетүүнүн механизминин алкагында COVID-19га каршы эмдөөнү колдоо”) ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат.

Пикир

Оставить комментарий