• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Статистика: 175 адамдан COVID-19 жаңы табылып, беш бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда 3-сентябрга карата коронавирус дагы 175 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 85, Чүй облусунда – 31, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 32, Жалал-Абад облусунда – 8, Баткен облусунда - 10 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 92 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча беш бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 960 бейтап, амбулатордук түрдө 979 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 193 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 170 миң 261 киши айыгып чыкса, 2 миң 541 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий