• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада 69 адамдан COVID-19 табылып, 2 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 19.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда 19-сентябрга карата коронавирус 69 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 41, Чүй облусунда – 6, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 78 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 594 бейтап, амбулатордук түрдө 881 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 722 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 189 киши айыгып чыкса, 2 миң 588 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий