• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарындын ардактуу атуулу: Кумтөр Кыргызстандын карамагына өткөн ар бирибизге кубаныч тартуулады

Коом 0

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. ​​​Нарын облусунун ардактуу атуулу, ​85 жаштагы эмгек ардагери ​Жумакан Дуйшекеева "Кабардын" редакциясына кайрылып, акыркы бир жылда өлкөдө болуп жаткан жагымдуу окуялар боюнча өзүнүн ой-пикири, каалоо-тилектери менен бөлүшүүнү туура көргөндүгүн билдирди.

Эмгек ардагери Дүйшекееванын макаласын толугу менен өзгөрүүсүз беребиз:

"Мен Нарын облусунун Жумгал районунда жашап жаткан эмгек ардагеримин. Бул макаламда акыркы бир жыл ичинде өлкөбүздө болуп жаткан, жүрөк кубандырган, сүйүнүчтүү, көптөн элибиз күткөн сонун окуяларга көнүлүңөрдү бургум келди.

Эң алдыңкы жетишкендиктер президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү, конституциянын көп талкуулардын натыйжасында кабыл алынышы, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун тартип бузууларсыз өткөрүлүшү, Балыкчы - Кара-Кече темир жолунун курулушуна старт берилиши, ГЭСтерди куруунун көп тармактарына карата генералдык пландар болду.

Мына ушундай ийгиликтүү иштердин башында өлкөнүн тагдырын бардык түйшүктөрүн өз мойнуна алган чыгаан атуулубуз Садыр Нургожоевич турат. Ал чындык деп чыркырап, жеке кызыкчылыктан коомдук максатты жогору коюп, көздүн курчун, көкүрөктүн жалынын, жаштык курагындагы көп жылдарын алдыдагы маанилүү пландарын ишке ашырууга арнап келди.

Элибиз 20-30 жыл үмүт менен күтүп келген Кумтөр тоо кенинин өкмөттүн карамагына өткөнү ар бирибизге кубаныч, сүйүнүч тартуулады .Бул Кыргызстандын тарыхында жазылып кала турган эң маанилүү окуя болот.

​Садыр Жапаров сөзүнө бекем, айтканына так турган жана аткарган, чечкиндүү, тайманбас, өзүнүн эли, жери үчүн өмүрүн сайып койгон, мекенчил, демилгечил, өжөр, уюштургуч, дипломатиялык жөндөмү күчтүү, мекенибиздин эр жүрөк жигити экендигин далилдеди. Азаматсың кыргыздын уулу намыскөй, акын Жолон Мамытов айткандай кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй демекчи, кыргыз жигиттеринин иштери, мекенге болгон мамилеси, бардык жүрүш-туруштары Садыр агасындай болуш керек деп ойлойм.

Жүктү көтөрүп, аз уктап, көп иштеп элине ак кызмат жасап жаткандыгың үчүн эл сага ишенет, эл журтуң ар бир иште шилтеген кадамыңдан көптү үмүттөнүшөт жана алдыдагы көп иштериңизге жардамдарын аяшпайт деп ишенем. Ошондуктан бул жигитке ниети бузуктун сөзү, туура эмес пикирдеги адамдардын көзү тийбесе экен деп Кудайдан тилеп "Жакшынын атын булгай албайсың, акылын уурдай албайсың" деген накыл кепти айткым келет.

Садыр Нуркожоевич ар кандай бут тосууларды, өзүнө каршы айтылган туура эмес ой-пикирлерди чыдамдуулук менен жеңип келе жатат. Жаңыдан шайланганда эле бул өлкөнү эч бир мамлекет тааныбайт жана өз ара катнаштар начарлайт деген сөздөр жүрө баштаган эле. Азыр дипломаттык энергиясы, жөндөмү күчтүү экен, көп мамлекеттер менен алака күчөп жатат. Натыйжада Кыргызстан дүйнө картасында кеңири таанылган өлкө болуп, кошуна мамлекеттер кучак жайып тосуп алып жатат, президенттин аброю көтөрүлүп жатат. Айрым адамдарыбыз көп жетишкендиктерге кубанмак турсун, ар кандай нааразы сөздөрдү айтып жүрүшөт, алар же убагында жумушка орношо албай калбай калган ичи тар жөндөмсүз болушу ыктымал, алар өздөрү жасай алышпайт, же бирөөлөрдүн ийгиликтерине макул боло алышпайт, ар бир жасалган жакшы иштерден кемчилик издеп, элдин көңүлүн алагды кылышат. Пейилди оңдойлучу, кутмандуу, берекелүү элимдин мырзалары, кыз-келиндери. Азыркы убакта көптөгөн иштерди пландаштырып, өлкөбүз өнүгүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын негизинде даана жол менен алдыга баратат. Кыргызстан бай жана күчтүү өлкө болот, элибиз бакубат тынчтыкта эмгектенүүсү үчүн мыкты жетекчибиз, эмгекти сүйгөн күжүрмөн элибиз, күч-кубаттуу белгилүү жигит-кыздарбыз, кооз жерибиз, таза сууларыбыз, бай кендерибиз бар. Жакшы иштердин көбүрөөк болушуна элдин биримдиги, ой-пикирлердин түз болушу, ичи тарлыктын болбошу, ынтымак гана керек.

Садыр Нуркожоевич!

Жубайыңыз жана балдарыңыз менен узак бактылуу жашаңыз. Өлкөбүз алдыңкылардын катарына кошулсун, алдыдагы гигант максаттарды ишке ашыруу үчүн Кудайым өзүңө күч-кубат, элине ынтымак берсин. Ыймандуу карыларыбыздын ак батасы алдыдагы узак жолдорго, ишиңизди колдоп жүрсүн деген тилек – ак батамды арнадым.

Журтуңа акжолтой ажо бол!".

Пикир

Оставить комментарий