• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Түндүк" темир жол бажысы ишмердүүлүгүн жүргүзгөн аймакта жаңы БТЖ ачылды

Коом 0

Бишкек, 23.01.24. /Кабар/. Бүгүн "Түндүк" темир жол бажысы ишмердүүлүгүн жүргүзгөн аймакта товарлардын айрым категорияларын декларациялоо үчүн (транспорт каражаттарын) жаңы бажылык тариздөө жайынын (БТЖ) ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Жаңы БТЖы Бишкек шаарынын Ч.Валиханов көчөсү, 1 а/2 дарегинде жайгашкан.

Ал заманбап техникалык жабдуулар менен жабдылган жана бажы мыйзамдарынын бардык талаптарына жооп берет. БТЖнын аймагында ошондой эле административдик имарат, унаа токтотуучу жайлар, бажылык текшерип кароо үчүн бөлүнгөн жайлар, бажыга байланыштуу кызматтарын көрсөтүү үчүн орун жайлар, коммерциялык банктардын филиалдары жана техникалык лаборатория жайгашкан. Бул тышкы соода ишмердигинин катышуучуларына бир жерден, бирдиктүү терезе принцибинде бардык кызматтарды алууга мүмкүндүк берет, бул алардын ишин жүргүзүүнү бир топ жеңилдетет.

БТЖ бажы кызматы тарабынан бажы мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугун камсыздоо жана соода-транспорт уюмдарынын жана тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынын кызыкчылыктарын эске алуу менен ачылган.

Бажылык тариздөө жайынын ачылышына "Түндүк" темир жол бажысынын жетекчилиги жана жеке курамы, Бажы кызматынын Борбордук аппаратынын кызматкерлери, КР ИИМдин ЖКККББнын "Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү жана тышкы экономикалык иштин катышуучулары катышты.

Пикир

Оставить комментарий