• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада 1 миң 476 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 1 миң 476 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 712 адам вакцинанын биринчи дозасын, 764 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 71 миң 264 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 851 миң 905 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий