• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада 15 өрт кырсыгы катталды. Ысык-Атада турак үй толугу менен күйгөн

Кырсык 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Сутка ичинде Кыргызстандын аймагында 15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 18 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 6, Жалал-Абад облусунда 5 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Кара-Жыгач конушунда жыгач устундуу темир жабылган кийим тигүүчү цехтин 150 чарчы метр чатыры жана 3 даана кийим тигүүчү машина күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Токмок шаарында жалпы аянты 30 чарчы метр болгон тез тамактануучу жай жана үй тиричилик буюмдары толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Киргшелк айылынын четиндеги ферманын аймагында 400 чарчы метр бастырма жана 500 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ак-Сай айылында жалпы аянты 60 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Барчын айылына жакын жерде арпа талаасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий