• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Кулжада 11 жаштагы өспүрүм сууга түшүп кеткен. Издөө иштери жүрүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Кара-Кулжада 11 жаштагы өспүрүм сууга түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 22-июнь күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ой-Тал айылынын тургуну 2011-ж.т. Н.А. аттуу жаш бала Казык жайлоосунда Казык суусуна түшүп кеткен.

Жергиликтүү тургундар өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок натыйжа болгон эмес. 24-июнь күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 23 куткаруучу тартылып, саат 18:00дө издөө иштери токтотулду. Натыйжа болгон жок.

Бүгүн, 25-июнда издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий