• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бир жума мурун дайынсыз жоголгон эркек кишинин сөөгү Чаткал дарыясынан табылды

Кырсык 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы Арпа-Токту аймагында 15-июлда 61 жаштагы эркек киши дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, дайынсыз жоголгон эркек киши тууралуу маалымат “102” кызматына 19-июлда келип түшкөн. Куткаруучулар 21-июлда милиция кызматкерлери жана 35 жергиликтүү тургун менен издөө иштерин жүргүзгөн. Жыйынтыгында адамдан сөөгү Чаткал дарыясынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий