• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Чолпон-Атада 16 жаштагы бала көлгө чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 12.06.20./Кабар/. Чолпон-Ата шаарында 16 жаштагы бала көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-июнда Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарынын аймагында көлгө 2004-жылы туулган эркек бала чөгүп кеткен.

Жерине издөө иш-чараларын жүргүзүүгө 4 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий