• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 2, Талас облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкектин Свердлов районунда жыгач устундуу шифер жана темир менен жабылган аянты 20 чарчы метр турак үйдүн чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Чүй районундагы Чүй айылында турак үйдүн аянты 6 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылында мончонун 4 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында жыгач устундуу шифер менен жабылган жалпы аянты 88 чарчы метр болгон турак үйдүн 0,5 чарчы метр мору күйгөн. Өрт мешти пайдалануудагы коопсуздуктун сакталбагандыгынан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий