• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бирдиктүү мектеп формасын киргизүү сунушталууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.06.22. /Кабар/. «Билим берүү жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 2022-жылдын 15-июнунан тартып коомдук талкууга коюлду.

Демилгечилер: Жогорку Кеңештин депутаттары Исатбек кызы Аида, Г.О.Култаева, Л.Х.Лурова, Г.А.Кожокулова.

Маалымкат-негиздемеге ылайык, мыйзам долбоору мамлекекттик орто мектептердин окуучулары үчүн мектеп формасын киргизүү максатында иштелип чыккан, себеби азыркы учурда Кыргызстанда орто билим берүү мекемелери жана окуу мекемелери үчүн бирдиктүү форма жок болуп саналат.

Долбоор мектеп формасын киргизүүгѳ багытталган, себеби форма тартипти жана класстагы окуучулардын жетишүүсүн жакшырта алат. Мектеп формасын кийип жүрүү окуучунун ѳзүнүн сырткы келбетине жооптуу мамиле кылуусун иштеп чыгып, жүрүм-турумун карап жүрүүсүн калыптандырат, баарлашууда ѳзүнѳ ишенимди арттырат.

Ошондой эле парламенттин депутат аялдарынын форумунун Баткен, Ош, Жалал-Абад облусуна кѳчмѳ отурумунун алкагында жергиликтүү кеңештердин депутаттары, ошондой эле орто мектептердин директорлору диний түрдүү агымдардын таасири күчтүү болуп жаткандыгы тууралуу пикирлерин да айтышты.

Мамлекеттик жалпы билим берүү мекемелеринде мектеп формасын киргизүү жѳнүндѳ жазуу түрүндѳгү кайрылуулар келип түшкѳн. Бул ѳзгѳчѳ мектеп курагындагы кыздарга терс таасир этет. Мыйзамдын ѳзүндѳ орто мектептердин окуучулары мектеп формасын милдеттүү түрдѳ кийүүсү жѳнүндѳ ченем жок экендигин белгилеп кетүү керек, бул окуучулардын сырткы көрүнүшүнө карата талаптын жоктугуна алып келет.

Дүйнѳнүн кѳптѳгѳн ѳлкѳлѳрүндѳ мектеп формасы – мектептеги жашоонун ажырагыс бѳлүгү.

Форма – мектепте сабак ѳтүү үчүн керек болгон ишкер атмосфераны түзгѳн кийимдин олуттуу стили. Форма окуучуну тартипке чакырат. Бирдиктүү мектеп формасы балдардын кийимди мелдешип кийинүүсүнѳн алыс кылат. Андан тышкары, мектеп формасы түрдүү бүлѳнүн балдарынын социалдык жана материалдык абалдарын теңдейт.

Эл аралык мыйзамдарга жүргүзүлгѳн талдоо кѳптѳгѳн ѳлкѳлѳрдѳ мектеп формасы киргизилгендигин кѳрсѳттү. Алсак, Улуу Британияда мектеп формасы окуу жайынын тарыхынын бѳлүгү болуп саналат. Ар бир мектептин ѳзүнүн формасы бар, ага баш кийим, галстук, үстүңкү кийим, ал гана эмес байпак да тиркелет. Ар бир беделдүү мектептин ѳзүнүн жеке логотиби бар.

Индияда мектеп формасы милдетүү болуп саналат жана балдар үчүн ак кѳйнѳк жана кѳгүш- кара шымдан, кыздар үчүн – ак кѳйнѳк, кара юбкадан турат.Айрым мектептерде бирдей түстѳгү жана тигиштеги сари дагы форма болот.

Ошондой эле Сингапурда, Японияда, Таиландда, Түштүк Кореяда, Кытайда жана башка ѳлкѳлѳрдѳ мектеп формасы каралган. Постсоветтик ѳлкѳлѳрдѳ милдеттүү мектеп формасы Ѳзбекстанда, Тажикстанда жана Казакстанда каралган.

Мыйзам долбоору менен 27-беренеге билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген милдеттүү мектеп формасына талаптарды баланын ата-энелери (мыйзамдуу ѳкүлдѳрү) аткарышы жѳнүндѳ ченем киргизилип жатат.

Бул мыйзам долбоору кабыл алынган учурда, мектеп формасы мектепте социалдык теңсиздикти жоюуга жардам берет. Мындайда балдардын бардыгы бирдей форма менен жүргѳндүктѳн, бай эмес үй-бүлѳлѳрдүн балдары ѳзүлѳрүнүн сырткы келбети боюнча кысылууга кабылбайт. Экинчиден, 2 же андан ашык балалуу үй-бүлѳлѳр үчүн формаларды сатып алуу бир окуу жыл бою кийимге короткон акчасынын суммасын олуттуу кыскартууга мүмкүндүк берет. Үчүнчүдѳн, мектеп формасы балдардын кѳңүлүн окуу процессине багыттап, тартипке чакырат. Тѳртүнчүдѳн, мектеп формасын киргизүү окуучуларды бир командага ыктымакташууга жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий