• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанды чегирткелердин каптоосу 2 айга чейин уланат - Айыл чарба министрлиги

Коом 0

Бишкек, 09.07.18. /Кабар/. Кыргызстанды чегирткелердин каптоосу 2 жылга чейин уланат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Айыл чарба, тамак-аш өндүрүшү жана мелиорация министрлигинин химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Алакунов билдирди.

Анын айтымында, чегирткелердин массалык түрдө жайылуусу 2017-жылдан бери байкалып келет.

"Бул чегирткелердин биологиясына байланыштуу. Акыркы жолу мындай көрүнүш 2008-жылы болгон. 9 жылдан кийин толкун сыяктуу кайра кайталанып жатат. Бул алардын табигый өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу. Андан сырткары чегирткелердин көбөйүшүнө аба ырайынын аларга ылайыктуу шарттары таасир этет", - деди А.Алакунов.

Ал 2017-жылы Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу департаменти тарабынан 107 миң гектар жер, ал эми бүгүнкү күнгө чейин 128 миң 299 гектар жер тазаланганын айтты.

"Учурда 136 миң 479 гектар жерди чегиртке каптап, анын 94 пайызы тазаланды. Жумуштар бүтүп жатат, бир ай мурун чегирткелерден улам өзгөчө кырдаал жарыяланган Нарын облусу гана калды", - деди ал.

Алакуновдун айтымында чегирткелер жерге эч кандай зыянын тийгизген эмес, себеби тазалоо иштери өз убагында аткарылып жатат.

"Былтыр биз БУУнун тиешелүү бөлүмүнөн 10 себүүчү техника алганбыз. Анын өндүрүмдүүлүгү салттык техникага караганда көп эсе жакшы экен. Советтик тракторлор күнүнө 20 гектар жерге чачып жетишсе, жаңылар 400 гектардан көп жерге чачканга күчү жетет", - деп билдирди департаменттин башчысы.

Пикир

Оставить комментарий