• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда "Дүйнөлүк каражат топтоо күнү" эл аралык маалымат кампаниясы өтөт

Коом 0

Бишкек, 24.10.22. /Кабар/. Кыргызстанда 24-октябрдан 31-октябрга чейин Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата маалымат-агартуу кампаниясы өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, кампания калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга арналган жана анын жүрүшүндө ар түрдүү иш-чаралар уюштурулат.

“Атап айтканда, ачык эшик күндөрү, финансы мекемелерине, Улуттук банктын нумизматикалык музейине экскурсияга баруу, жаштар жана чоңдор үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар жана сабактар, интерактивдүү оюндар, ар кандай акциялар, сынактар, финансы жармаңкеси жана башка көптөгөн иш-чаралар өткөрүлөт”, - деди ал.

Ал белгилегендей, мында катышуучулар каражат топтоонун ыкмалары жана түрлөрү жөнүндө, каражат топтоонун ийгиликтүү эрежелери, аманаттардын коргоо системалары жана финансылык сабаттуулук боюнча көптөгөн пайдалуу маалыматты ала алышат.

Улуттук банктын расмий өкүлү быйыл Кыргызстанда Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө катышкан уюмдар тарабынан 170тен ашык иш-чара өткөрүлөрүн кошумчалады.

Маалымат үчүн: Дүйнөлүк каражат топтоо күнү Кыргызстанда 2015-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл 30га жакын уюм катышат. Алар КР Улуттук банкынын финансылык мекемелерден, эл аралык уюмдардан, жалпыга маалымдоо каражаттарынан, мамлекеттик органдардан турган туруктуу жана жаңы өнөктөштөрү. Бул кампаниянын максаты – финансылык чечимдерди туура кабыл алууга, финансылык коопсуздукту камсыз кылган аянтчаны түзүүгө, финансылык максаттарга жетүүгө өбөлгө түзгөн калктын финансылык сабаттуулугун арттыруу, каражат топтоо маданиятын калыптандыруу.

Пикир

Оставить комментарий