• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бекзат Алмаз уулу жаштар арасында дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 24.10.22. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Чемпионат 15-октябрда Испаниянын Понтеведра шаарында старт алган.

Спортчу эркин күрөш боюнча 57 кг салмак категорияда беттешип, алгач америкалык, чейрек финалда монголиялык балбанды жеңген. Жарым финалда индиялык балбанга жеңилип, коло байге үчүн күрөштө шри-ланкалык балбанды жеңип, 3-орунду ээледи.

Пикир

Оставить комментарий