• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстандын жеңил атлетика курама командасы эл аралык мелдешке катышат

Спорт 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Сабина Батаджиева жана Темирлан Алыкулов Баку шаарында (Азербайжан) өтө турган эл аралык мелдешке катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери Александр Антиповдун жаркын элесине арналып уюштурулуп, 1-февралдан башталып, 5-февраль күнү жыйынтыкталат.

Курама команда улук машыктыруучу Татьяна Ефименконун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Пикир

Оставить комментарий