• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 13 адамда коронавирус аныкталды. Жалпы 695

COVID - 19 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 27-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 13 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 695 адамга жетти.

"Жаңы катталган 13 учурдун ичинен Бишкек шаарында - 6, Ош шаарында - 1, Ош облусунда - 1, Чүй облусунда - 2, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 2 учур бар", - дейт ал.

Министрдин орун басары маалымдагандай, 13 учурдун ичинен эки учур сырттан алынып келген. "Коронавирус жуктуруп алгадардын бири Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген, бейтап ал жакта бир ай күткөн. Чек ара бекетинен өтүп жатканда анализдер алынып, вирус жуктуруп алгандыгы такталган. Учурда ооруканага жаткырылган. Ошондой эле катталган экинчи учурда болсо бейтап Россиянын Новгород шаарынан келген, андан да коронавирус табылган. Аны менен байланышта болгон үй-бүлө мүчөсү да ооруп калды", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий