• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 25 бейтап коронавирустан айыкты. Жалпы 395

COVID - 19 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 25 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Коронавирустан 25 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 2, Нарын облусу – 16, Жалал-Абад облусу - 4, Ош облусу – 1, Ош шаары – 2 бейтап. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 395ке жетти", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 27-апрелге карата коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 695ке жетти. Алардын ичинен 395 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий