• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде дагы 3 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде дагы 3 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 183 учур катталды.

"Сутка ичинде Бишкек шаарында 2, Ош шаарында бир медкызматкер илдетти жуктурган. Алардын ичинен экөө дарыгер, бирөө медайым", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 27-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 695ге жетти. Алардын ичинен 183ү медицина кызматкери. Илдеттен 395 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий