• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 14 адамда коронавирус табылды. Жалпы 1016

COVID - 19 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда 11-май саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган жаңы 14 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 16 адамга жетти.

"Жаңы катталган учурлардын ичинен Бишкек шаарында – 6, Чүй облусунда - 1, Ош облусунда - 2, Баткен облусунда - 1, Нарын облусунда - 2 жана Ысык-Көл облусунда - 2 адамда коронавирус табылды", - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий