• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 68 адамда COVID-19 табылды. Арасында кош бойлуулар бар

COVID - 19 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда 29-май саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 68 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 662 адамга жетти.

"Катталган жаңы учурдун ичинен Бишкек шаарында – 9, Чүй облусунда - 5, Ош шаарында – 2, Баткен облусунда - 1, Нарын облусунда - 4 учур бар. Ошондой эле 26 учур Россиядан келген курсанттардан табылса, дагы 21 учур Россиядан келгендерден аныкталды, алардын ичинен 11и боюнда бар аялдар, 10у студент", - деп түшүндүрдү Үсөнбаев.

Пикир

Оставить комментарий